Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Пакистанда жол кырсыгынан 17 кишинин өмүрү кыйылды


Өлкөнүн түндүк-батышында автобус жардан кулап кетип, тойго бараткан 17 жүргүнчү каза тапты. Полиция офицери Асиф Шарифтин билдиришинче, кечээки кырсыкта дагы 11 кишинин дайыны табылбай жатат. Курмандыктардын арасында тогуз аял, беш бала бар. Алар Пешавардан коңшулаш Мардан шаарына баратканда автобус тар жолдун боюндагы каналга кулап түштү.

XS
SM
MD
LG