Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Таласта кен иштетүүгө каршы митинг өтүүдө


Талас шаарында ушу тапта облустун аймагында кен иштетүүгө каршы митинг өтүүдө. Милициянын айтымында, ага 20 киши чыкты. Уюуштуруучулар болсо акцияга келгендердин саны 200 киши деп жатат. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиргенине караганда, элдин саны 100дүн тегерегинде.

Митингди "Талас элинин ынтымагы" кыймылы уюштурууда.

Алгач иш-чараны облустук бийлик имаратынын алдына өткөрүү пландалган. Бирок жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо органдарынын талабы боюнча акция облустук акимиаттын чыгыш тарабындагы Бердике баатырдын эстелигинин алдында өтө баштады.

Митингчилер облустун аймагындагы Талды-Булак, Андаш жана Жерүй кендерин чет элдик инвесторлорго берип иштетүүгө каршы экенин, экология бузулаарын айтууда. Кен иштетүүгө 50 жылдык мораторий киргизүү керек экени да айтылды. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG