Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Тышкы миграция маселелерине арналган жыйын болот


Анда миграция жараянынын улуттук коопсуздукка тийгизүүчү оң, терс таасирлери, мигранттардан келип жаткан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланат. Тегерек столго ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана жарандык коом өкүлдөрү, ошондой эле Орусиянын миграция кызматынын кызматкерлери катышат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, жыйында Орусия, Казакстанга барып убактылуу иштөөнү каалагандарды күтүп турган көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири сөз болот.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта өлкөдөн тыш жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 700 миңдин айланасында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG