“Исламдагы аялдын орду” деген аталыштагы тегерек стол бүгүн Кыргыз академиялык драма театрында өтөт. Иш-чараны уюштуруп жаткан “Мутакалим” коомдук фондунун төрайымы Жамал Фронтбек кызынын “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында “Кыргызстандагы мусулман аялдар лигасынын” ачылышы болот. Андан тышкары кыз-келиндердин шарияттын талаптарына жооп берүү менен бирге кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүнө шайкеш кылып тигилген кийимдеринин көргөзмөсү болот.
Иш-чарага Кыргызстандын расмий адамдары, ЖК депутаттары, Кыргызстандагы бир катар өлкөлөрдүн - Сауд Аравия, Иран, Түркия, Катар жана Кувейттин элчилери жубайлары менен чакырылган.(ZKo)
Иш-чарага Кыргызстандын расмий адамдары, ЖК депутаттары, Кыргызстандагы бир катар өлкөлөрдүн - Сауд Аравия, Иран, Түркия, Катар жана Кувейттин элчилери жубайлары менен чакырылган.(ZKo)