Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

Оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салуу сунушталууда


Кыргызстанда рулу оң жактагы унаа менен эл ташууга тыюу салынышы мүмкүн. Парламентте бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер майзам долбоору кабыл алынса, анда жүргүнчү ташуудагы жогорудай чектөө келерки жылдан тарта киргизилет.

Мыйзам долбоордун авторлорунун пикиринде, мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында сунушталып жатат. Жол коопсуздугун тейлеген милиция кызматкерлери да алыскы сапарга чыгып кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгүн дал ушундай машиналар түзөөрүн айтып келет.

Бирок оң рулдуу унаа ээлери мындай пикирге каршы. (RK)

XS
SM
MD
LG