Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын сатып ала баштайт


Бул тууралуу мамлекеттик башкы ветеринардык инспектор Самат Алиев кечээ билдирди. Анын айтымында, Казакстан Кыргызстандагы 11 ишкана өндүргөн азыктар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгын 14-февралда чыгарган. Ветинспектордун белгилөөсүнө караганда, 1-мартка чейин отчетто көрсөтүлгөн бардык мүчүлүштүктөр жоюлуп, кенемтелер толукталды. Астананын жообу ушул жумада күтүлүүдө, бирок азыктарын Казакстанга сатуу укугу 11 ишкананын баарына берилбей калуу ыктымалдыгы бар деди Самат Алиев.

Казакстан Кыргызстандагы эпизоотикалык кырдаалга байланыштырып, эт-сүт азыктарын сатып алууну токтоткон. Айрым серепчилер казак тараптын бул аракети Кыргызстандын Бажы биримдигине эртерээк кирүүсүн камсыздоо максатында жасалган деп эсептешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG