Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

"Ата-Журттун" камактагы лидерлеринин баш коргоо чарасы ошо бойдон калды


"Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын баш коргоо чарасы ошо бойдон калды. Алардын адвокаттарынын өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Алар тергөө учурунда айыпталуучулар качып кетиши мүмкүн деген кооптонуу актуалдуулугун жоготконун, тергөө аяктап, иш сотто каралып жатканын жүйөө келтирген.

Бирок айыптоочу тарап үч депутат өтө оор айып боюнча соттолуп жаткандыктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарууга болбойт деген турумду карманууда.

"Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп соттолууда. Алар УКМКнын тергөө абагында жатат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG