Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Беларуста 8-мартта оюн-зооктор болбойт


Беларуста 8-март - Аялдардын эл аралык күнү мурда мерчемделген бардык оюн-зоок кечелери болбойт. Себеби президент Александр Лукашенка 6-8-мартты Венесуэла президенти Уго Чавести эскерип, аза күтүү күнү деп жарыялаган эле. Кечээ Минскинин мэри Микалай Ладуцка Уго Чавестин “беларус эли үчүн жасаган эбегейсиз эмгегин эскерип”, борбор шаардын көчөлөрүнүн бирине анын атын берүүнү сунуш кылды. Уго Чавес Беларуска бир нече жолу ырасмий сапарга келген жана эки өлкө арасында бир нече мунай-газ келишимине кол коюлган.

XS
SM
MD
LG