Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Италия: Экс-премьер Берлускони бир жылга соттолду


Италиянын мурдакы премьер-министри Сильвио Берлускони тергөөнүн материалын коомчулукка жарыялаганы үчүн бир жылга эркинен ажыратылды. Сот 2005-жылы Берлускониге караштуу гезит ээси саясый каршылаштарын каралоо максатында полициянын телефон сүйлөшүүсүн жашыруун жазып алып, элге жарыялаган деп тапты. Берлускони аппеляциялык сотко кайрылары айтылууда. Сот эки ай ичинде даттануучунун доо арызын караганча экс-премьер эркин жүрө берет. Ал салык төлөбөдү жана бойго жете элек сойкулар менен жыныстык катнашка барган деп да шектелүүдө. Бул эки ишти сот ушул айда карайт. Акыркы жылдары бир нече ирет сот алдында жооп берген Берлускони мунун баарын "соттордун саясый куугунтуктоосу" деп айтып жүрөт. Жакында болгон шайлоодо Берлускони башындагы орточул оңчул партия парламентте үчүнчү орунга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG