Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

“Хьюман Райтс Уотч” АКШны Өзбекстанга кысым жасоого чакырды


Адам укугун коргоочу эл аралык уюм мындай үндөөнү мамлекеттик катчы Жон Керринин өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен 12-мартта Вашингтондо мерчемделген жолугушуусун утурлай жасады. Уюм белгилегендей, АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысы Өзбекстанда адам укуктары начарлап жатканына тынчсыздануусун ачык билдириши керек.

Өзбек делегациясынын Вашингтонго сапары АКШ жана Европа өлкөлөрү Ташкент менен аскерий кызматташтыгын тереңдетип жаткан кезге туш келди.

АКШ келерки жылы Ооганстандан чыгып жатканда Өзбекстандын аймагын транзит катары пайдаланууну пландаштырып жатат. “Хьюман Райтс Уотчтун” пикиринде, мунун ордуна Ташкент Вашингтон адам укугун бузууларга көңүл бурбашын каалайт. “Хьюман Райтс Уотч” өзбек бийлиги активисттерди, журналисттерди, оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктап, кысмактоону токтоткон жок деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG