Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Жапон маданиятынын жумалыгы: спорт фестивалы өттү


Бүгүн Кыргызстанда жапон маданиятынын жумалыгы башталды. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда жумалыктын ачылышы спорт фестивалы менен башталды. Жапонияда өнүккөн каратэ, дзю-до, сумо, айкидо, кэндо спорт түрлөрүнөн оюндар көрсөтүлдү. Ачылышка Жапониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ келди.

Маданият жумалгы 16-мартка чейин уланат. Анын алкагында Бишкектеги кинотеатрларда дээрлик күндө жапон кинолору көрсөтүлөт. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жапон операсы болот.
Кыргызстанда жапон маданиятынын жумалыгы үчүнчү жолу, жапон спорт түрлөрүнөн турган спорт фестивалы алтынчы жолу уюштурулууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG