Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстанга келет


Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Николай Бордюжа эки күндүк сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев, коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен жолугат. Анда ЖККУ баш катчысы былтыр декабрда Бишкекте өткөн ЖККУнун жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу өлкө жетекчилерине маалымат берет.

Кыргызстан 2012-жылы декабрда Казакстандан ЖККУга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG