Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Эки ача кеткен Борбор Азия


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин атайын машыгуусу. 16-сентябрь, 2012.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин атайын машыгуусу. 16-сентябрь, 2012.

ЖККУ баш катчысы Бордюжа Орусия Кыргызстанга 1 млрд. долларга курал-жарак берүү максатын тастыктады.

Өзбекстан өз кезегинде Ооганстандан чыгарыла турган АКШнын куралын алууга умтулууда. Бул өлкөлөрдүн куралдануусуна Ооганстандагы кырдаал себепкер болуп жатканы көп айтылат. Бирок АКШнын атайын кызматтары Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч Ооганстандан эмес, өздөрүнүн ичинен чыгып жатканын билдирүүдө.

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда болуп кеткен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Орусиянын Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун суммага курал-жарак берүү ниети бар экенин тастыктады. Курал-жарак грант түрүндө берилмекчи.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев Кыргызстанга керек болгон куралдардын тизмеси Москвага жөнөтүлгөнүн билдирген. Тизмедеги куралдар ичинде тик учак, бронетанкалык техника, артиллерия, көтөрүп жүрүүчү зениттик комплект, автоунаалар бар экени айтылган.

Николай Бордюжанын Кыргызстанга сапарына удаалаш Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Вашингтонго барды. Ага чейин конгрессмен Дэн Рорабахер баштаган делегация Ташкенде болуп кеткен эле.

Орус эксперти Андрей Грозиндин пикиринде, Орусия Кыргызстан менен Тажикстанды куралдандырууга киришсе, Вашингтон Өзбекстанды курал менен камсыздоого киришти.

Мына ошентип чек араларында талаштуу маселелерди чече элек кошуна мамлекеттер эки жээктен курал алып, регион жарыша куралданууга барчудай болуп калды.

Кыргызстандык генерал Абдыгул Чотбаев бул жерде корко турган эч нерсе жоктугун айтат:

- Коркунучтуу эч нерсе деле жок. Биздин Куралдуу күчтөргө курал керек, техника керек. Ошон үчүн Орусия бизге жардам беребиз деп жатса, беришсин.

"Ал эми Өзбекстандын аракети эгемен мамлекеттин өз иши" деп эсептейт Чотбаев.

Өзбекстанга Британия жана Кошмо Штаттар курал-жарак калтыруусун укук коргоочулар сынга алып, өзбек бийлиги аны өз калкына каршы колдонот деп чочулоодо. Алар мисал катары Анжиян окуясын аташкан.

Бирок Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан бийликтери коопсуздук, курал маселеси көтөрүлгөндө биринчи болуп Ооганстанды көрсөтүшөт. Кыргызстандык талдоочу Валентин Богатырев муну стереотип катары атап, Ооганстандан 2014-жылы АКШ аскерин толук чыгарып кетпесин эске салган.

Кошмо Штаттардын атайын кызматы да Сенатка жасаган баяндамасында, регион мамлекеттерине коркунуч Ооганстандан эмес, саясий-экономикалык реформалардын жүргүзүлбөй жатышынан келет деп белгилеген.

Кыргызстандык генерал Артур Медетбеков өлкөнүн туруктуулугуна сырттан да, ичтен да коркунуч келет деп эсептейт. Ал эми курал маселесине токтолгон Медетбеков, Кошмо Штаттар Өзбекстанга, Орусия Кыргызстанга эң жаңы үлгүдөгү куралдарын бербейт, ошондуктан жарыша куралдануу коркунучу жок дейт:

- Жарыша куралдануу жок. Бирок бири-бирине жардам берүү бар. Экинчиден, терс көрүнүштөргө каршы күрөш аркылуу Орусия Кыргызстанга таасирин күчөтүүдө, андан сырткары аны башка өлкөлөргө үлгү катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Медетбековдун айтымында, регион үчүн геосаясий, геоэкономикалык күрөш жүрүп жатат. Орусия бул жагдайда Кыргызстанды жакын эсептеп, Кыргызстан аркылуу региондогу абалын бекемдөөгө умтулууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG