Ош шаарындагы журналисттер аллеясына акын Жолон Мамытовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн аллеяда өткөн көчөт отургузуу иш-чарасында калаа башчысы Мелис Мырзакматов маалымдады. Шаардын Ак-Тилек микрорайонунда ачылган экинчи журналисттер аллеясында мэрия өкүлдөрү, акындар, ырчылар жана журналисттер болуп жалпы жүздөн ашык киши 1000дей каштан көчөтүн отургузду. Буга чейин аллеяга ийне жалбырактуу көчөттөр тигилген болчу.
Ош шаарында жалпысынан 3 ири жана 12 чакан эс алуу аллеясы бар. Журналисттердин дагы бир аллеясын "Журналисттер" коомдук бирикмеси ачкан болчу. (ErN)
Ош шаарында жалпысынан 3 ири жана 12 чакан эс алуу аллеясы бар. Журналисттердин дагы бир аллеясын "Журналисттер" коомдук бирикмеси ачкан болчу. (ErN)