Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Бүгүн Аксы окуясы эскерилип жатат


Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы 2002-жылы 17-марттагы кандуу окуя эскерилүүдө. Буга карата Аксыдагы Боспиек айылында эскерүү митинги өтүп, маркумдарга куран окулду. Ага 150гө жакын район тургундары, маркумдардын жакындары, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, облустук бийлик өкүлдөрү катышты.

16-мартта президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоп, бийликтин адилетсиз саясатына алгач болуп Аксынын тургундары, күрөш баштап, туруштук бергенин, анда курман болгон жарандар унутулбай турганын билдирген.

2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулары Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтоткон. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-согулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG