Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кипрде талаштуу жардам келишимин колго салуу кийинкиге калды


Кипрдин парламенти 10 миллиард евролук эл аралык чукул жардам тууралуу макулдашуу боюнча добуш берүүнү эртеңге калтырды. Бул карызды алуу үчүн элдин аманат акчасына атайын салык салуу маселеси эми эртең талкууга коюлганы жатат. Парламенттин өкүлү Антонис Коу Тали Анос бүгүн түштөн кийинге пландалган талкууну депутаттар эртең өткөрүүнү чечишкенин бышыктады. Евро-аймак бул арал-өлкөгө карызды элдин банктагы аманат акчасынан 10 пайыз салык чогулткан шарт менен берүүдө. Бирок бул чарага нааразылык күч алып жаткандыктан, өкмөт келишим парламенттен өтпөй калат деп чочулоодо. Карыздын көптүгүнөн улам чыккан экономикалык кризистен кутулуу үчүн Евро-аймак жана Валюта корунан карыз алуу тууралуу келишимге Никосия кечээ Брюсселде кол койгон эле.

XS
SM
MD
LG