Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Грецияда нацисттик белги берген футболчуга ойноого тыюу салынды


Оюндун мезгилинде нацисттерче эки сөөмөйүн созуп көрсөткөн Гиоргос Катидиске өмүрүнүн аягына чейин футбол ойноого тыюу салынды. «АЕК Афины» командасынын оюнчусу ишембиде топ киргизгенден кийин нацисттик белги берген. Грек футбол федерациясы «ЭПО» муну «нацисттик канкорлуктун курмандыктарын ызаланта турган, футболдун терең пацифисттик жана гуманисттик мүнөзүнө шек келтирген ашынган провокация» деп баалады. 20 жаштагы Катидис кечирим сурап, бирок мындай "белгинин маани-маңызын билген эмесмин" деп ырастады. «АЕК Афины» жана Грек Лигасы өз алдынча жаза чараларын караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG