Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Жерүйдү сатуу боюнча жобо ушул аптада бекитилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров билдирди. Анын айтымында, Жерүй кени боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бул кенди сатуу үчүн сынакты уюштуруунун жана сатыкка коюунун шарттарын аныктаган жобону даярдап, өкмөттүн кароосуна жиберген. Өкмөт болсо ушул аптанын ичинде бекитүүнү пландап жатат. Өкмөт жобону бекиткен соң расмий түрдө сынак жарыяланмакчы.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG