Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Атамбаев биримдикти, стабилдүүлүктү каалады


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Нооруз майрамына арналган салтанатка катышып, кыргызстандыктарды куттуктады. Өлкө гүлдөп, өнүгүшү үчүн биримдик, стабилдүүлүк, эмгек керек деди.
Президент өлкөдө баш аламандыкты, Ү. Кудайбергенов, Р. Санатбаев, Р. Шаботоев, Г.Павлюк, М. Садыркулов, С. Слепченко сыяктуу өлүмдөрдү, Аксыдагыдай, Бишкек аянтындагыдай ок атууларды, тоноолорду каалагандар бар деп, бирок, ага жол берилбейт деп эскертти.
Алмазбек Атамбаевдин ишендиргенине караганда “бүгүн Ноорузду эл өлкөнүн кайра жаралуусуна, жаңылануусуна зор үмүт жана ишеним менен тосууда.” Президенттин Кыргыз филармониясында өткөн салтанатта сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу маалыматты президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG