Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Пакистанда бомба жарылуусунан 7 киши мерт кетти


Пакистандын Балучистан чөлкөмүндө базарда жарылган бомба 7 кишинин өмүрүн алып кетти. Бери дегенде 30 киши жарадар болду. Жафарабад районунун полиция башчысы “Азаттыктын” Пакистан кызматына айтып бергендей, кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Маалыматка караганда, бомба мотоциклге туташтырылган. Пакистандын эң чоң чөлкөмү, Ооганстан жана Иран менен чек ара аймагында орун алган Балучистан акыркы бир нече жылдан бери радикал сунилердин шийилерге каршы кол салууларынан жапа чегип келатат.

Андан тышкары жергиликтүү улутчулдар кеңири автономияны жана жаратылыш ресурстарынан түшкөн киршенин ири бөлүгүн чөлкөмгө берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG