Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Кипр парламенти депозиттерден салык алуу маселесин колго салат


Депутаттар бүгүнкү кезексиз жыйында банктарда сакталган 100 миң евродон өйдө суммадан салык алуу маселесин карайт. Шейшемби күнү Кипр парламенти аманат акчалардан салык алуу жөнүндөгү өкмөттүн сунушун жактырбай койгон. Кипр өкмөтү 5, 8 млрд. еврону өзү тапса, Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору 10 млрд. евро кезексиз насыя бермек. Парламент кечээ түн ортосуна чукул аяктаган жыйында өлкөдөн ири суммадагы депозиттерди чыгарбоого жана банк секторунун ишин өзгөртүүгө багытталган мыйзам кабыл алды. Оор абалдан улам Кипрдин банктары шейшембиге чейин жабык. Евромейкиндиктин финансы министрлери Кипрдеги кырдаалды жекшемби күнү талкуулайт. Европанын борбордук банкы дүйшөмбүгө чейин Кипр кризистен сактануунун чарасын иштеп чыкпаса, өлкөгө кезексиз насыя бербесин эскертти.

XS
SM
MD
LG