Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Депутат кен иштетүүгө мараторий жарыялоого чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргызстанда кендерди иштетүү жана чалгындоого мараторий жарыялоону сунуштады. Ал парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө чет өлкөлүк компаниялар кенди иштетүү шылтоосу менен алтын кошулмаларын ташып кетип жатканын белгиледи. Эл өкүлү 2012-жылы Чоң-Алайдагы кендерден 3400 тонна алтын кошулмалары Кытайга чыгарылганын эске салып, Кыргызстан кендерин өзү иштетиши зарыл экенин айтты.

Кен иштетүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Ири кен саналган Кумтөр алтын кени эле өлкөнүн ички дүң продукциясынын кеминде 10, өндүрүштүн 30 пайызын камсыз кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG