Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Президент Атамбаев Ташиевдин тарапкерлери менен жолугат


Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери менен жолугаарын билдирди. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, азыр мамлекет башчысы облус активдери менен жыйын өткөрүүдө. Анда Атамбаев камактагы депутаттардын иши боюнча сот чечимин күтүү зарылдыгын белгиледи.

Учурда Жалал-Абад облустук администрациясынын алдында камактагы депутаттардын жакындары топтолуп турушат.

Былтыр 3-октябрда Бишкектеги митингден кийин камакка алынган депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылууда. Аларга карата сот өкүмү эртең чыгаары күтүлүүдө. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG