Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ташиев: Бийликти алыш керек деп айтканым чын


Сот жараянында Камчыбек Ташиев “бийликти алыш керек деп айтканым чын, бирок бийликти алуунун ар кыл жолдору бар”, - деп айтты. Ал аракети максатына жетип, Кумтөр маселеси туурасында журт билип калганын, алардын тарыхый кадамы кийин баасын аларын билдирди. Ташиев ага өкмөт башчы, спикер, президенттин аппарат жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев келип “кечирим сура” деп сунушташканын айтып, бирок ал мындай кадамга барбаганын белгиледи.

Сот жараянында парламент депутаттары Бөдөш Мамырова, Надира Нарматова бар. Соттун сыртында турган депутаттардын жактоочуларынын кыйкырган үндөрү угулуп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG