Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Үч депутаттын иши боюнча сот өкүмү чыкты


Депутаттар соту: өкүм чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00

Бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бир жарым жылга, Талант Мамытов жана Ташиевдин жан сакчыларын бир жылга эркинен ажыратылды. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиев толугу менен акталды. Депутаттар соттун өкүмүн саясий куугунтук катары сыпатташууда.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адыл Субанкулов депутаттарды Кылмыш кодексинин “бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо” (295-берене) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал эми “конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасоо” беренеси (297-берене) ашыкча тагылган айып катары сыпатталды.

Мыйзамсыз курал-жаракты сактоо айыбы (241-берене) боюнча актаган өкүм чыкты. Судья бир сааттан ашык окуган өкүмүндө депутаттардын макамын жана Ташиевдин жан сакчыларынын спорттук жетишкендиктерин, үй-бүлөлүк абалын эске алып, ылдыйкы чектен төмөн жаза берүүнү чечкенин айтты:

- Кожоналиевден башкалары 30-28-295-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго бир жарым жыл, калгандарын бир жыл эркинен ажыратуу жазасы белгиленди. Кубат Кожоналиев күнөөсү жоктугуна байланыштуу акталды. Соттолуучулардын жазасын өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 4-октябрынан баштап ар бир өтөгөн күнү эки күн деп эсептелет.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу тарап депутаттарды 10 жылга, Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга, Камчыбек Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Мыйзамга ылайык, депутаттар соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин гана депутаттык мандатынан ажыратылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева
"Азаттыкка" билдирди.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев жана Ташиевдин үч жан сакчысы былтыр 3-октябрда камакка алынган. Ал күнү Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча митинг уюштурулуп, кенди улутташтыруу талабы айтылган.

Башаламандык менен коштолгон акция Ташиев баштаган жоон топ адамдын Ак үйдүн темир тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган.

Камчыбек Ташиев ал күнкү аракеттерине өкүнбөй турганын “Азаттыкка” айтып, сот чечимин саясий буйуртма катары сыпаттады:

- Бүгүн соттун чечими өтө туура эмес чыкты. Юридикалык жактан да туура эмес болду. Бул түздөн түз бийликтин бизге көрсөткөн басымы. Бийликтин өз оппоненттерин басымдын негизинде сындырабыз деген ойлору.

Ташиев акыркы сөзүн сүйлөп жатканда, сот адилет чечим чыгарбаса, элге кайрылаарын белгилеген. Сот өкүмү боюнча 3-октябрдагы Бишкектеги митингдин негизги уюштуруучусу, депутат Садыр Жапаров да “Азаттыкка” пикирин билдирди:

- Бийликтин гана тапшырмасы болду. Аны судья толугу менен аткарды. Көрүп жатпайсыңарбы, биринчи эч нерсе тастыкталган жок деп айтып туруп, аягында өкүмдү жазып жатат.

Сот чечимине макул болбогон Жапаровдун жана Ташиевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылаарын кабарлашты. Айрым адвокаттар болсо сот чечиминде түшүнбөстүктөр бар экенин айтышты. Маселен, Жапаровдун адвокаты Шерабидин Токтосунов 295-берене боюнча күнөөлүү деп табылган адам 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылаарын эске салууда.

Кубат Кожоналиевдин коомдук жактоочуларынын бири Азиза Абдрасулова болсо:

- 295-берене далилденген жок деп сот өзү айтып жатты. Натыйжада бул берене боюнча бардыгы эле акталышы керек болчу. 297-беренеде “чакырык” тууралуу кеп болот. Чакырык кимде бар? Ташиев өзү “мен бийликти алабыз деп айтканым чын, бийликти алуунун көп жолу бар” деп айтып жаткан. Бул жерде 297ни далилдеп, ал боюнча сот жообуна тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле. Сот парламенттин уруксатын алып жүргөндөн качты.

Жума күнкү сотто Биринчи май райондук сотунун алдында депутаттардын 300дөй жактоочусу митинг өткөрүп, айыпталуучуларды бошотууну талап кылышты. Ушундай эле талап менен Жалал-Абад шаарынын борборук аянтында да нааразылык акциясы өттү.

Бейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев депутаттардын Жалал-Абаддагы жактоочулары менен жолугуп, соттук иш боюнча өз позициясын билдирген:

- Мен мыйзамды бузбайм. Конституция боюнча соттун чечими чыккандан кийин гана президент кийлигишсе болот. Ага чейин, мыйзамга баш ийип көнөлүк.

Ошентип “Ата-Журттун” депутаттарына козголгон кылмыш иш боюнча дээрлик жарым жылдан кийин сот өкүмү чыкты. Жактоочулардын баамында, айыпталуучулардын тергөө абагында өткөргөн бир күнү эки күн катары санала турган болсо, Ташиев менен Жапаров камактагы бир жылдык мөөнөтүн өтөп бүткөн болот. Ал эми Мамытов жана үч жан сакчынын мөөнөтү апрель айы менен бүтүп калууга тийиш. Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучулар мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөшмөкчү.

XS
SM
MD
LG