Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Тибетте жер көчкү астында калгандарды куткаруу иши уланууда


Бирок көчкү астында калган кенчилер аман табыларына үмүт аз. Кечээ бир кенчинин сөөгү табылган, калган 82 адам али дайынсыз.

Кытайдын Эмгек коопсуздук мамлекеттик агенттигинин башчысы Ян Донлиян бүгүн Тибеттин борбору Лхасадан кабарчыларга буларды маалымдады:

- Бул жерде мындан көп курмандык болбошу керек. Биз куткаруучулар кооптуу абалга кептелишине жол бере албайбыз. Андыктан биз болочок кырсыктарды алдын алуу үчүн айланадагы тоолорго 24 саат бою мониторинг жүргүзүү үчүн адамдарды жөнөттүк.

Кытай маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, кырсык болгон жерде 3500дей куткаруучу, 300дөй оор техника иштеп жатат. Куткаруу иштерин бийиктик жана аба ырайынын начардыгы оорлотууда.

Жер көчкү эки күн мурда таңга маал жүрүп, миңдеген тонна тоо тектери кенчилердин 4600 бийиктиктеги лагерин басып калган. Ал жердеги шахта Кытайдын мамлекеттик алтын компаниясынын (China National Gold Group Corporation) туунду ишканасына таандык эле.

Алтын, күмүз, жез казган жумушчулардын көпчүлүгү Юнан, Гуйчжоу жана Сычуан провинциясынан келген кытай мигранттары болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG