Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Пакистанда козголоңчулар электр станциясына чабуул коюп, 7 адамды өлтүрүштү


Хайбер-Пахтункхва вилаетинин борбору Пешаварда болгон бүгүнкү окуяда козголоңчулар төрт адамды уурдап кетишкенин полиция маалымдады. Чабуулдун айынан бир нече саатка Пешаварда свет өчүп калган. Атышууда полициянын бир кызматкери менен станцияда иштеген сакчы набыт болушту. Дагы беш кишини козголоңчулар уурдап кетишкен эле, кийинчерээк алардын сөөктөрү алыс эмес жерден табылган. Станцияга ким чабуул койгону белгисиз. Бирок бул аймактагы чабуулдар үчүн адатта пакистандык талиптерди айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG