Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Түрк премьеринин Кыргызстанга сапарында бир нече келишимге кол коюлат


9-апрелде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Эрдоган сапар учурунда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугат. Жолугушуулар учурунда аваиация, саламаттыкты сактоо, туризм жана айыл чарба тармактарындагы бир нече келишимге кол коюшат.

Министрликтин маалыматында, эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 150дөн ашуун ар кыл тармактагы келишимдерге кол коюлган.

Режеп Тайып Эрдоган акыркы жолу расмий сапар менен Кыргызстанга 2011-жылдын февраль айында келген.

XS
SM
MD
LG