Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Первез Мушараф "мекенге чыккынчылык кылган" деп айыпталууда


Пакистандын Жогорку Соту өлкөнүн экс-президенти Первез Мушарафка карата мекенине чыккынчылык кылган деген айыптоону карап чыгууга макул болду. Сот жыйыны дүйшөмбүдө өтөт. Сотко арыз менен жергиликтүү юристтердин тобу кайрылган. Алардын арызында Мушараф бийликте турганда эки жолу - 1990-жылы аскерий төңкөрүшкө байланыштуу жана 2007-жылы өлкөгө чукул кырдаал киргизип, Конституцияны одоно бузганы көрсөтүлгөн.

11-майда өтчү парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген Мушараф март айында чет өлкөдөн Пакистанга кайтып келген. Экс-президентке каршы бир нече кылмыш иштери ачылган, анын ичинде 2007-жылы мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону өлтүрүүгө катыштыгы бар деген айыптоо дагы бар.

XS
SM
MD
LG