Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Апрель баатырларын “Ата-Бейиттеги” эскерүү аяктады


Президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери окко учкан апрель баатырларынын “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги мүрзөлөрүнө гүл коюшту. Атамбаев каза болгондордун, жабыркагандардын тууган-уруктары менен көрүшүп, ал-абал сурашты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, сөз сүйлөнгөн жок.

Мурда таратылган маалыматтарга караганда 7-апрелде окко учкан 86 жарандын 28инин сөөгү "Ата-Бейитке" коюлуп, калгандарынын сөөгүн жакындары туулган жерлерине алып кетишкен.

2000-жылы ачылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашып турат. Бул жерге 1937-38-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын сөөгү коюлган. (EBM)

XS
SM
MD
LG