Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Ысык-Көлдө жаш манасчылар арасында кароо өттү


Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрында жаш манасчылардын арасында кароо-сынак өткөрүлдү. Ага облустун район, шаарларынан келген 8 адам катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, эпосту жаштар арасында жайылтуу максатында облуста "Манасиада" деп аталган спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө кароо-сынакка келгендерге«Манас» эпосу тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. (MK)

XS
SM
MD
LG