Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Польшада орус элчилигинин алдында нааразылык акция өттү


Варшавада жүздөгөн адам Польшанын мурунку президентинин өлүмүнө алып келген авиа кырсык боюнча Москваны күнөөлөп, орус элчилигинин алдына чыкты. Митингди оңчул оппозициялык күчтөр уюштурду.

2010-жылы 10-апрелде болгон авиа кырсыкта Польшанын президенти Лех Качински жана 95 адам мерт болгон. Польшалык жана орусиялык эксперттер кырсык учкучтун катасынан улам болгон деп билдиришкен. Бирок айрым поляктар Кремлди жактырбаган Качински кабылган кырсык жөндөн жөн болбогонун айтып, президенттин учагы чабуулга кабылган деп айыптап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG