Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Ирандыктарга мыйзамсыз виза берген дипломатка иш козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин консулдук бекетинин мурунку башчысы Мелисбек Байсымаковго кылмыш ишин козгоду. Дипломат Мешхед шаарында иштеп турганда Иран жарандарына “мыйзамсыз виза берип, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган”, “кызматтык укугунан аша чапкан” деп айыпталууда.

Буга чейин президенттин жардыгы менен иштен алынган Ирандагы элчи Медеткан Шеримкуловго байланыштуу чуу чыккан. “Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактарынын ырасташынча, Ирандын биринчи вице-президенти Реза Рахими Бишкекке ШКУ саммитине келгенде Иран жарандарына кыргыз визасын берүү үчүн акча талап кылат, ишкерлерден белек-бечкек доолайт деп Шеримкуловдун үстүнөн датын айтканын билдирген. Шеримкулов “Азаттыкка” маегинде мындай дооматтарды четке каккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG