Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Жогорку Сот: Батукаев оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгарылды


"Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү" атыккан Азиз Батукаевдин Нарын шаардык сотунун чечими менен эркиндикке чыгарылганы тастыкталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин ак кан дартына чалдыкканына байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартууну ал кармалып турган Нарындагы тергөө абагынын администрациясы суранган. Бул арыздын негизинде, 8 жылдык жаза мөөнөтү бүтө элек Батукаевди Нарын шаардык соту эркиндикке чыгарган.

Жогорку Соттун тараткан маалыматында, шаардык сот Батукаевди Жаза-процессуалдык кодекстин 36-беренесинин негизинде чыгарганы айтылат. Ал беренеде соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка оор дартка чалдыкса, сот аны аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу жана дарыгер корутундусунун негизинде белгиленген мөөнөттөн эрте бошотууга укуктуу экени көрсөтүлгөн.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Батукаевге "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган жана жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG