Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Азербайжанда жол куруп жаткандар митингге чыкты


Азербайжанда Жибек жолун куруп жаткандар айлык акыны көтөрүү талабы менен митингге чыгышты.

Түштүктөгү Ланкаран шаарына жакын жерде иштеп жаткан куруучулар төрт айдан бери маяна ала электигин айтышты. Алар бүгүн “Кафзал LTD” компаниясынын имаратынын жанына чогулушкан. Анткени Дүйнөлүк банк каржылаган “Жибек жолу” долбоорун дал ушул компания ишке ашырып жатат.

Кийинчерээк жумушчулар укуктары корголушун талап кылып, Ланкарандагы жергиликтүү администрациянын алдына да топтолушту.

“Кафзал LTD” ишканасынын өкүлү “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, жумушчуларга берилбей калган маянасы толук төлөнөөрүн, бирок окуя жөнүндө кеңири маалыматы жоктугун билдирди. Жумушчулар негизи акыркы апталарда төрт жолу ушул өңдүү талаптар менен пикетке чыгышкан. Жолдун Ланкарандын айланасындагы бөлүгүнүн курулушу эки айга токтоп калган болчу.

XS
SM
MD
LG