Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Казак жараны "куралдуу жихадга үгүттөгөнү үчүн" 5 жылга камалды


Казакстандын Караганда шаарында сот 27 жаштагы жаранды “куралдуу жихадга үгүттөгөн” деп таап, бүгүн беш жылга түрмөгө кести. Диас Кугушев былтыр ноябрда үйүнөн мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары, экстремисттик баракчалар табылгандан кийин камалган. Ушул эле күнү Казакстандагы Атырау шаарында “диний экстремизм жана терроризмге” байланышкан айыптар менен кармалган 16 кишинин да соту өттү. Алар февралда кармалган. Өткөн жылдын күз айлары Атырауда жана ага жакын жайгашкан Кулсары шаарчасында коопсуздук күчтөрү эки башка атайын операцияларында “жикчи” деп шектелген тогуз адамды өлтүрүшкөн эле.

XS
SM
MD
LG