Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Молдовада Филат өкмөт башчылыкка кайра көрсөтүлдү


Молдованын президенти Николае Тимофти өкмөт башчынын кызматына кайрадан Влад Филатты көрсөттү. Президент өзүнүн чечимин бүгүн парламенттеги фракция лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин жарыялады. Өлкө парламенти 5-мартта Филаттын Батышка ыктаган өкмөтүнө коррупция боюнча айыптоолордон кийин ишеним көрсөтпөй койгон. Үч күндөн кийин өкмөт кызматтан кеткен болчу. Эми Филат жаңы өкмөттүн курамын түзүшү керек. Эгер 45 күндүн ичинде анын жаңы кабинетинин курамын парламенттин көпчүлүк бөлүгү үч ирет жактырбай койсо, анда президент парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялашы керек болот.

XS
SM
MD
LG