Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Жогорку Сот чуулгандуу тасма боюнча ишти кийинкиге жылдырды


Жогорку Сот “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасын көргөзүүгө тыюу салган Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюмунун арызын кароону 22-майга калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка" "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, Жогорку Соттун судьялары ишти кароонун жүйөлөрүн түшүндүрбөй туруп эле, белгисиз жагдайда создуктуруп жатат.

-Бул соттордун жоопкерчиликти өзүнөн алыстатуу эле аракети. Алар тасмага тыюу саларда бир эле күндө чечим чыгарышкан. Ал эми чечимди бузуу боюнча арызды кароону бир жылдан бери создуктуруп келет. Биз мунун үстүнөн арыз менен кайрылабыз-деп билдирди Исмаилова.

Былтыр Бишкекте өткөн адам укуктары боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Расмий органдар бул аракетти диндер арасында касташуунунун алдын алганы менен түшүндүргөн. Бирок фестивалды уюштурган "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюму тасманы Кыргызстанда көргөзүүгө тыюу салган УКМК жана Башкы прокуратура кызматкерлеринин аракетин, Бишкек шаардык сотунун чечимин Башмыйзамга каршы келет деп билдирип келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG