Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Түркиядагы Талант Батыралиев "Жалал-Абаддын ардактуу атуулу" аталды


Түркияда иштеген кардиолог, профессор Талант Батыралиевге “Жалал-Абаддын ардактуу атуулу” наамын премьер-министр Камила Талиева тапшырды. Кыргызстандык дарыгер Ошто өтүп жаткан дары-дармектер тууралуу жыйынга келген.

Талант Батыралиев Түркиядагы "Сани Конукоглы" атындагы медициналык борборду жетектейт. Ал бүгүн Ошто өтүп жаткан жыйында дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын Улуттук маалыматтык базасын түзүү тууралуу маалыматы менен бөлүштү.

Батыралиев 1960-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Кесиби боюнча кардиолог. (SE)

XS
SM
MD
LG