Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Бишкекте 6300 адам жерге кезек күтүүдө


Акыркы 3 жылдан бери Бишкекте жеке турак жайга бир да жер тилкеси бериле элек. Учурда 6300дөй бишкектик жер тилкеси үчүн кезекте турат. Алардын арасында 1996-жылдан бери кезек күтүп жүргөндөр бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков билдирди.

Жер кодексине ылайык, жеке турак жайга жер тилкеси мамлекет тарабынан акысыз берилет. Бирок кезектегилерге жер берилбей жатканы баш калаада жер тартыштыгынан келип чыгууда. Бишкекте учурда жер тилкесине бирөөдөн сатып алуу жолу менен гана ээ болуу мүмкүн. Эң кымбат жана көп талап кылынган тилке шаардын түштүк тарабы. 2010-жылдагы эсеп боюнча, Бишкектин аянты 16,5 миң гектар. (AKu)

XS
SM
MD
LG