Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча сот уланат


Ошто киши колдуу болуп каза тапкан полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектелгендердин соту бүгүн уланат. Кара-Суу райондук сотунда каралып жаткан иш өткөн аптада, айыпталгандардын адвокаттары келбей калганына байланыштуу 15-апрелге жылган.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди 11-январда үйүнүн жанынан атып кеткен. Алгач кылмышты уюштурууга катышты деген шек менен беш киши, андан соң полковникке ок атты деп шектелген бир киши кармалган. Ок атты деп шектелгендердин дагы бири издөөдө жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG