Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Ноокенде кутурган ит эки өспүрүмдү каап алды


13-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен айылында жолбун ит эки өспүрүмдү каап алган. Экөөнөн тышкары он төрт итке тиш салган жолбундун кутурма дартына чалдыкканы текшерүүдөн кийин аныкталган. Бул тууралуу райондук бактериологиялык лабораториянын башчысы Дилора Мамажанова билдирди. Анын айтымында, учурда балдарга алгачкы эмдөөлөр берилген, абалдары дурус. Муну менен катар Базар-Коргон районунун Кеңеш айылынан текшерүүгө жиберилген уйдан да кутурма дартынын белгилери табылды. Уйдун ээси менен анын жубайы ооруканада жатат.

Жыл башынан бери облуста 16 үй жаныбары кутурганы аныкталды.(YA)

XS
SM
MD
LG