Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Имамдар: Балдарды Сирияга үндөгөн эмеспиз


Сирияга согушка кетти деп шектелген кыргызстандыктарды Түркия прокуратурасы издеп таба элек. Ал жакта жүргөн депутат жана ата-энелерден да азырынча толук кабар жок. Ал арада жихадга кетти делген балдардын ата-энелери балдарынан кабатыр болууда.

Сирияга кетти делген балдардын ата-энелери менен жолугушуу ызы-чуулар менен коштолду. Бир канчасынан маек алгыбыз келгенин айтканыбызда, жандарына жакын жуутушпады. Бир чети коомчулуктан уялып аткандарын айтышса, бир эсе аларды бийликтер эч кимге маалымат бербегиле деп эскертип коюшкан экен.

Ошентсе да ата-энелердин бири Сулайман Маматов муну айтканга үлгүрдү:

- Балам Орусияга иштегени кеттим деген болчу. Ошондон ары кантип кеткенин билбейм. Аны бирөөлөр алдап, алып кеткен да болушу мүмкүн. Ким алып кеткенин биз түгүл, УКМК кызматкерлери да аныктай албай атышат. Бардыгы эле ошентип кеткен болуш керек. Калгандарын мен жакшы деле билбейм.

Сириядагы согушка алып кетишти делгендердин саны азырынча толук тактала элек. Айрымдар 9 деп айтса, башкалары 17ге чейин жеткирип атышат. Баары Баткендин Кызыл-Кыя шаарында бири-бирине жакын жашашат. Алардын эң кичүүсү 18де, улуусу 36 жашта.

Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Мырза Папанов буга байланыштуу учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгилейт:

- Азыркы оперативдик маалымат боюнча, Кызыл-Кыя шаарынан 9 бала чыгып кеткени тастыкталып жатат. Алар азырынча Түркияда экен. Калгандары белгисиз. Кандай максатта кетти, кимдер алып кетти деген суроолорду тактоо үчүн тийиштүү органдар иштеп жатышат.

Маалыматтарга ылайык, жаштар март айынын экинчи жарымында Түркияга учуп кеткен. Алардын өлкөдөн чыгышын ким уюштурганы жана каржылаганы тууралуу азырынча так маалымат жок. Ата-энелер муну имамдар, же башка кимдир бирөө атайын уюштурган дешсе, диниятчылар муну четке кагат.

Кызыл-Кыя шаарынын имам-хатиби Мукаддас ажы Кожониязов мындай дейт:

- Кээ бир сайттарда, кээ бир маалымат булактарында бул ишке имамдардын да аралашуусу болушу мүмкүн деген маалыматтар чыгыптыр. Бул таптакыр туура эмес. Кызыл-Кыя шаарынын бир да мечитинде имамдар Сирияга баруу чакырыгын таштаган эмес, жихадга үндөгөн эмес. Эч жерде мындай болгон эмес. Алар деле бардыгы “биз Сирияга жихадга кеттик” деген эмес экен. Арасында "Орусияга иштегени кеттим, Украинага унаа сатып келгени кеттим" деп кабар айткандар болгон экен.

Кызыл-Кыя шаарында 13 мечит бар. Алардын бешөөндө жума намаздары окулат. Сирияга кетти делгендер шаардагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мечитте намаз окуп турушчу. Алар бири-бири менен тааныш болгону айтылат.

Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Жалалиддин Рахматуллаев:

Жалаладдин Рахматуллаев
Жалаладдин Рахматуллаев
- Менимче, жаштардын дин жөнүндө түшүнүгү тардыгынан ушул иш болуп отурат. Алардын ичинен үчөө Түркияда диний билим алып жаткан деп атышат. Калгандары башка өлкөлөр аркылуу кеткен экен. Алар бала-чака багам, акча табам деп айтышкан дейт. Баары негизинен үй-бүлөлүү, саналуусу гана бойдок экен.

Жаштар тобун Кызыл-Кыя менен Аравандын мечиттеринен азгырып, Түркия аркылуу эки жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сирияга алып кетишкенин 17-апрелде Жогорку Кеңештин мүчөсү Дастан Жумабеков маалымдаган эле.

Кыргызстандын Түркиядагы башкы консулу Мирлан Арстанбаев “Азаттыкка" депутат Өмүрбек Бакиров Түркиянын прокуратура өкүлдөрү менен кездешкенин айтып, жарандарды Сирияга жөнөтүү-жөнөтпөө жагы тактала элек экенин кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул окуя тууралуу бир жактуу комментарий бере элек.

БУУнун эсебинде, эки жылга аяк баскан Сирия жаңжалында 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG