Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Москвада кыргыз-орус премьерлери жолугушат


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган кыргызстандык делегациянын Москвадагы жумушчу сапары уланууда. Бүгүн Сатыбалдиев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Анда энергетика, тоо-кен, транспорт тармактары боюнча сүйлөшүүлөр болору, бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө “Кыргызгаз” ишканасын сатуу жана ГЭСтердин курулушу да талкууга алынары кабарланган.

Ошондой эле өкмөт башчы Орусиянын “Рособоронэкспорт” ишканасынын жетекчиси Анатолий Исайкин менен да жолугушат. Анда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө берилүүчү жардам тууралуу сөз болмокчу.

Кечээ кыргызстандык делегация кыргыз-орус биргелешкен ишкерлер кеңешинин 2-отурумуна, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйынына катышты. Анда бизнести биргелешип өнүктүрүү, банк тармагында, энергетика, тоо-кен жана башка багыттарда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. (ZKo/KKs)

XS
SM
MD
LG