Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам долбоору даярдалды


“Ар-намыс”, “Эгемен Кыргызстан” партиялары жана Боршайкомдун мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоо жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам долбоорун сунушташууда. Бул долбоор талапкерге партиялык тизме аркылуу гана эмес, региондогу авторитетине жараша депутат болууга шарт түзөт. Кыргызстан тогуз шайлоо аймагына бөлүнүп, партиялар өлкө боюнча 7 пайыздык, региондордо болсо 0,5 пайыздык босогодон өтүшү керек. Шайланган депутат партиянын же фракциянын жобосун бузса, ыйгарым укуктарынан ажырамакчы.

"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдиргендей, долбоордун авторлору шайлоо тууралуу азыркы мыйзамда олуттуу кемчиликтер бар деп эсептешет. Бул мыйзам долбоору коомчулук арасында талкуулангандан кийин Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG