Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Армения 1915-жылдын курмандыктарын эскерүүдө


Бүгүнкү зыяпатка Армения президенти Серж Саркисян жана Армян ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, католикос Гарегин II катышууда. Шаршемби күнү кечинде Ереванда 1915-жылкы трагедиянын курмандыктарын эскерип, 5 миңдей адам шаардын ортосунан шамана кармап өтүштү. Армяндардын ырасташынча, Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары Осмон империясында жашаган 1,5 миллион чамалуу армяндар жок кылынган жана бул Экинчи дүйнөлүк согуш кездеги нацисттик Германиядагы жөөт геноцидине чейинки биринчи кыргын болгон. Түркиянын бийликтери армяндар атайылып жок кылынбаганын, бул жылдары болгон коогалаңда он миңдеген түрктөр да өлтүрүлгөнүн айтып келет. Кээ бир мамлекеттер өткөн кылымдын башындагы кызыл кыргынды ачыктан ачык айыпташкан.

XS
SM
MD
LG