Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Орус жана жапон лидерлери Москвада жолугушту


Путин менен Абэнин учурашуусу. 29-апрель, 2013-жыл.
Путин менен Абэнин учурашуусу. 29-апрель, 2013-жыл.
Президент Владимир Путин менен премьер-министр Синзо Абэ бүгүн Москвада кездешти.

Бул жапон өкмөт башчысынын Орусияга акыркы он жылдагы алгачкы иш сапары.

Путин Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине кирген маселелер тууралуу:

- Биз бүгүн чечүүчү маселелерге, анын ичинде Орусия менен Жапония ортосундагы тынчтык келишимге, ошондой эле аймактын өтө олуттуу проблемаларына кайрылабыз деген ишенимдемин. Жалпысынан айтканда, бүгүнкү күн тартип өтө маңыздуу.

Орусияда Түштүк Курил, Жапонияда Түндүк аймактар деп аташкан төрт аралды талашуудан улам эки өлкө Экинчи дүйнөлүк согуштун кийинки тынчтык келишимге кол койо албай келишет. Талашка түшкөн аралдар азыр Орусиянын карамагында.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө тараптар экономикалык маселелерден Жапониянын Ыраакы Чыгыштагы энергетикалык жана инфраструктура долбоорлоруна катышуусун да талкуулоосу мерчемделген.

Жапон өкмөт башчыны Москвага 120дай ишкер коштоп келди. (UE)

XS
SM
MD
LG