Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз жана кытай ички иштер министрлери Бишкекте кездешти


ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунь менен Кыргызстандын ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин сүйлөшүүлөрү Бишкекте өттү.

Тараптар чек ара кылмыштарына, наркозаттардын мыйзамсыз өндүрүлүшүнө жана жүгүртүлүшүнө каршы кызматташтыкты активдештирүү зарыл деген орток пикирге келишти. Ага катар экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө маалымат алмашууну чыңдоо маселесин талкуулашты.

Жолугушууда Кытай тараптын Кыргызстанга атайын техникалык жабдуу берүүсүн караган келишимге кол коюлду. (UE)

XS
SM
MD
LG