Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

АКШ президенти Гуантанамо түрмөсүн жабуу убадасын кайталады


Гуантанамо түрмөсүнө каршы Вашингтондогу нааразылык акция. 11-апрель, 2013-жыл.
Гуантанамо түрмөсүнө каршы Вашингтондогу нааразылык акция. 11-апрель, 2013-жыл.
Барак Обама бул маселени Гуантанамодогу түрмөнүн жүздөй айыпкери ачкачылык жарыялап, АКШ армиясы аларды күч менен тамактандырып жаткан кезде айтты. Обама жогорудагы чараны коргоп, айыпкерлердин кимдир бирөөсүнүн өмүрү кыйылышын каалабасын айтты. Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму Обаманын бул билдирүүсүн комментарийлеп, АКШ президентин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чара көрүүгө чакырды.

Ачкачылык акциясына байланыштуу Гуантанамого кошумча 40тай медициналык кызматкер жөнөтүлгөн. Өзү АКШ Гуантанамо түрмөсүн террорчулукта шектелген чет элдиктер үчүн 2002-жылы түзгөн. Ал жерде азыр 166 айыпкер бар.

Обама шектүүлөрдүн өтө кооптууларынын ишин аскерий трибуналдар карашына уруксат берген, бирок азыркыга чейин абактагылардын болгону тогузуна гана айып коюлган. (UE)

XS
SM
MD
LG