Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Бангладеште миңдеген киши эмгек шартын жакшыртууну талап кылды


Борбор Даккадагы бүгүнкү 1-май демонстрациясы өлкөдө төрт жүздөн ашуун жумушчунун өмүрү кыйылган учурга туш келди. Дакканын чет жакасында кийим тигүүчү бир нече фабрика жайгашкан имарат өткөн аптада кыйраган эле. Бүгүн көчөгө чыккан демонстранттар фабрика ээлерин жоопко тартууну талап кылышты.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, имараттын ээси, инженерлери, фабрика ээлери шалаакылыкка жол берген деген шек менен камакка алынышты.

Бангладештин эң ири соода өнөктөрүнүн бири – Еврошаркет бул өлкөнүн фабрикаларындагы эмгек шарттары жакшыруусуна көмөктөшүүчү чараларды караштырып жатканын, буга чейин берилген соода жеңилдиктеринин айрымдары тоңдурулушу мүмкүндүгүн билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG